SerepTV Logo

Чет өлкөдө жүргөн окуучуларга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилгендиги аныкталды

Чет өлкөдө жүргөн окуучуларга мыйзамсыз диплом жана аттестат берилгендиги аныкталды
 
Базар-Коргон районунун прокуратурасы тарабынан билим берүү жаатындагы мыйзамдардын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө, №52 кесиптик лицейинин жооптуу кызмат адамдары 2024-2025-жылдары чет мамлекеттерде жүргөн 10 окуучуну окуу процессине катышкан катары көрсөтүп, тиешелүү документтерди жасалмалап, аларга окуу жайын бүтүргөндүгүн тастыктаган аттестат жана дипломдорду мыйзамсыз беришкендиги аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан маалымдашты.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
SEREP MEDIA