SerepTV Logo

Чаткалда каза болгон окуучунун өлүмү боюнча милиция маалыматы таратты (видео)

Чаткалда каза болгон окуучунун өлүмү боюнча милиция маалыматы таратты (видео)
18-сентябрда Чаткал районунун Курулуш айылында 9-классынын 2011-жылы туулган Д.Р. окуу учурунда мектептин ажатканасында өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан маалымат таратышты.

Окуучуга тез жардам кызматы тарабынан медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруканага жеткирилген. Бирок ооруканага жеткен учурда анын каза болгондугу аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө 9-класстын окуучуларын мектептин 11-классынын окуучулары тарабынан ажатканага алып барып, күч колдонуу менен ургандыгы аныкталган. Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 130-беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Кылмыш ишинин алкагында И.М., Н.С., Н.К. жана Т.А. аттуу жарандар шектүү катары кармалып, Ала-Бука райондук сотунун чечими менен аларга карата 2 айга камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

SEREP MEDIA