Abank_june
SerepTV Logo

Бишкекте улгайган жарандарды алдап жүргөн шектүү жаран кармалды

Бишкекте улгайган жарандарды алдап жүргөн шектүү жаран кармалды
 
Ички иштер органдарына 1954-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Жаш Гвардия проспектисинде жайгашкан банкоматтардын биринин жанынан белгисиз жаран алдоо жолу менен ага акча каражатын алууга жардам көрсөтөм деп, анын банктык картасын алдын ала даярдалган башка картага алмаштырып кеткен. Андан соң шектүү башка банкомат аркылуу акча каражаттарын чыгарып, жабырлануучуга 13 миң сом өлчөмүндө материалдык чыгым келтирген.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 2004-жылы туулган А.И. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Учурда кармалган жарандын Бишкек шаарынын аймагында ушул сыяктуу дагы бир катар алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды. Дагы эки факты боюнча жабырлануучуларга келтирилген чыгым 30 миң жана 20 миң сомду түзгөн.

Тергөө тарабынан аныкталгандай, шектүү негизинен улгайган жарандарды тандап, банкоматты колдонууда жардам сунуштаган. Жарандардын ишениминен пайдаланып, алардын банктык карталарын байкатпай алмаштырып, кийин эсептериндеги акча каражаттарын чыгарып алып жүргөн.

Ички иштер министрлиги жарандарды сак болууга, банктык карталарын чоочун адамдарга бербөөгө, ошондой эле PIN-коддорду, сыр сөздөрдү жана башка купуя маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырат. Эгерде сиз же жакындарыңыз аталган жарандын аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар же анын кылмыштуу аракеттери тууралуу маалыматыңыздар болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кайрылууну өтүнөбүз: 0 (701) 001-708 же 0 (508) 088-988.