Abank_june
SerepTV Logo

Баткенге кайрадан сел келди

Баткенге кайрадан сел келди
 
Кечээ, 24-июнда Баткен районунун аймактарында мөндүр аралаш жааган жаандын кесепетинен Жаңы-Жер айылына сел түшүп, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 222-чакырымын кесип өткөн сай аркылуу агып өткөндүктөн, унаа жол убактылуу жабылган. Ошондой эле катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдан улам айылдагы мөмөлүү дарактарга зыян келтирилген.

Ал эми Баткен шаарында сел суулары сел өткөрүүчү сайдан ашып, Кызыл-Дөң кварталындагы бир турак үйдүн жер төлөсүнө жана эки турак үйдүн короосуна кирген. Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун көзөмөлүндө.