Тууну байлоочу каражат катары пайдалануу фактысы боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө
Социалдык тармактарда БАЛ аймагындагы кароосуз калган тоо лыжа базасында, «Ала-Арча» альплагеринен болжол менен 16-19 чакырым түштүктө, капчыгайдын жогору жагында жайгашкан жерде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун буюмдарды байлоочу каражат катары пайдалануу фактысы тууралуу маалымат таралууда. Бул факты Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө катталып, сотко чейинки текшерүү иштери башталды.
Учурда милиция кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон текшерүү иш-чараларын жүргүзүүдө.
Жарандарга эскерте кетебиз, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору мамлекеттүүлүктүн эң маанилүү белгилеринин бири болуп саналат жана аларга урмат-сый менен мамиле кылуу зарыл. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 450-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусун, мамлекеттик гербин же мамлекеттик гимнин мазактоо мыйзамда каралган жоопкерчиликке алып келет. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет.