SerepTV Logo

Токмоктогу базар маселеси боюнча тараптар бир чечимге келишти

Токмоктогу базар маселеси боюнча тараптар бир чечимге келишти
 
18-сентябрда Токмок шаарындагы базарга байланыштуу маселелер боюнча тараптар сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир чечимге келишти. Учурда базарды көчүрүү иштери толугу менен жүргүзүлүүдө.

«Ак-Кеме Рахман» базарынын ордуна заманбап соода борборун куруу маселеси көтөрүлүп, буга байланыштуу соодагерлерди убактылуу көчүрүү боюнча пикир келишпестиктер жаралган. Белгиленген маселе боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Чүй ОИИББнын жетекчилиги тарабынан кырдаал көзөмөлгө алынып, милиция кызматкерлери тарабынан базардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча үзгүлтүксүз иш алып барышып, күнү-түнү нөөмөт уюштурушту. Милиция кызматкерлери болуп жаткан окуяларды көзөмөлгө алып, укук бузууларга жол бербөө менен коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылышты. Учурда базарды көчүрүү иштери жүрүп жатат. Милиция кызматкерлери штаттык режимде кызмат өтөөнү улантууда.
SEREP MEDIA