SerepTV Logo

Токмокто базар маселеси боюнча тургундар менен жолугушуу өттү

Токмокто базар маселеси боюнча тургундар менен жолугушуу өттү
 
17-сентябрда Токмок шаарында мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү шаар тургундары менен жолугушуп, базарга байланыштуу маселелерди талкуулашты. 

Жолугушууга президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Эркинбек Исеналиев жана Чүй ОИИББнын башчысы Каныбек Абдырахманов катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Чүй ОИИББнын башчысы Каныбек Абдырахманов Токмок ШИИБдин кызматкерлерине базардын аймагында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында күнү түнү күзөт уюштурууну тапшырды.

Ошондой эле базардын ишмердүүлүгүнө тиешеси жок адамдардын аймакка келип, кырдаалды курчутуусуна жол бербөө, жаралган маселелерди мыйзам чегинде, укуктук талаада чечүү зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, коомдо бөлүнүп-жарылууга, пикир келишпестиктерди күчөтүүгө жана коомдук тартипти бузууга аракет кылган адамдарга карата мыйзамдын талаптарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлөрү эскертилди.
SEREP MEDIA