SerepTV Logo

"Тааныштар уруша кетишкен". Милиция "Каприз" эс алуу борборундагы мушташ боюнча маалымат берди

"Тааныштар уруша кетишкен". Милиция "Каприз" эс алуу борборундагы мушташ боюнча маалымат берди
Социалдык тармактын колдонуучулары Ысык-Көлдөгү "Каприз" эс алуу борборунда мушташ орун алганын айтып, видео менен бөлүшүп жатышат. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден окуя боюнча маалымат беришти. "Эс алуу борборунда бирин-бири тааныгандар арасында чатак чыгыптыр. Эс алуу борбордун күзөтчүсү түшүндүрүү иштерин жүргүзүптүр. Жерине милиция барып, териштирүү иштерин жүргүзүшөт",- дешти алар.