Шылуундар эми Бишкек мэриясынын атынан чалып жатышат
Шылуундар эми Бишкек мэриясынын атынан чалып жатышат
Бишкек шаарында телефон чалуулар аркылуу алдамчылык учурлары көп катталууда. Мэрия сак болууга чакырат.
"Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти муниципалдык менчиктин ижарачыларынан ижара акысын төлөө жана келишим түзүүдө кандайдыр бир маселелерди чечүү боюнча алдамчылардан келген чалуулардан сак болууну суранат", - деп жазылат билдирүүдө.