PISA 2025: Кыргызстан рейтингде 11 позицияга көтөрүлдү
Бүгүн, 8-сентябрда Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү Братислава шаарында өткөн аймактык конференцияга катышты. Анда PISA 2025тин жыйынтыктары жарыяланды. Бул тууралуу билим берүү министрлигинен маалымдашты.
Иш-чарага Агартуу министрлигинин борбордук аппаратынын, ведомстволук уюмдарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта катышып, изилдөөнүн жыйынтыктары менен түз эфирде таанышты. PISA 2025 эл аралык изилдөөсүнө 91 өлкө катышып, жалпысынан 762 миңге жакын окуучу камтылды. Кыргызстан бул изилдөөгө 16 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан катышып, биринчи жолу компьютердик форматта тапшырды. Негизги багыт катары табигый-илимий сабаттуулук тандалды. Мындан тышкары, моделдөө жана алгоритмдештирүүнүн негизинде көйгөйлөрдү чечүү жөндөмү бааланды.
Кыргызстандын PISA 2025теги жыйынтыктары бир жагынан прогрессти көрсөтсө, экинчи жагынан дагы деле айырмачылык бар экенин көрсөтөт. Кыргызстандын орточо көрсөткүчү табигый-илимий сабаттуулук боюнча 363 баллды, математикалык сабаттуулук боюнча 364 баллды, ал эми окуу сабаттуулугу боюнча 344 баллды түздү. 2006 жана 2009-жылдардагы жыйынтыктарга салыштырмалуу өсүш статистикалык жактан маанилүү. Эгерде PISAнын мурунку циклдеринде Кыргызстан акыркы орунда болсо, PISA 2025тин жыйынтыгы боюнча 91 катышуучу өлкөнүн ичинен 80-орунду ээлеп, 11 позицияга жогорулады.
Компетенттүүлүк деңгээлдери эмнени билдирет?
Деңгээлдер окуучунун кандай тапшырмаларды аткара аларын көрсөтөт. Экинчи деңгээл типтүү кырдаалдарда билимди өз алдынча колдонуунун базалык чеги болуп эсептелет. Жогорку деңгээлдер татаал маалыматты талдоо, ой жүгүртүү жана алган билимди жаңы шарттарда колдонуу жөндөмүн чагылдырат.
Маалымат үчүн: PISA — Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун (ЭКӨУ) 15 жаштагы окуучулардын алган билимин жана көндүмдөрүн реалдуу турмуштук кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын үч жылда бир жолу баалоочу эл аралык программасы. Изилдөө функционалдык сабаттуулукту — ой жүгүртүү, маалыматты талдоо жана практикалык маселелерди чечүү жөндөмүн баалайт.
PISAнын негизги максаты — рейтинг түзүү же айрым окуучуларга баа берүү эмес, билим берүү системасынын күчтүү жактарын жана көйгөйлүү багыттарын аныктоо. Изилдөөнүн жыйынтыктары убакыттын өтүшү менен болгон өзгөрүүлөрдү жана башка өлкөлөрдүн көрсөткүчтөрү менен салыштырууга, ошондой эле алынган маалыматтарды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган чечимдерди кабыл алууда пайдаланууга мүмкүндүк берет.