Abank_june
SerepTV Logo

Папан суу сактагычынын ылайланышына байланыштуу Оштун айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду

Папан суу сактагычынын ылайланышына байланыштуу Оштун айрым аймактарында ичүүчү суу убактылуу токтотулду
Ош шаарына үзгүлтүксүз таза суу берүү максатында курулган резервуарлар иштеп жатат. Бирок андагы суунун запасы 2 күнгө гана жетет.

Суунун үзгүлтүккө учуроосуна Папан суу сактагычынын булганышы себеп болууда. Анткени кампаларга ушул жактан гана суу келет. Анын булгануусуна тынымсыз жааган жаандан улам кокту-колоттордон, шагыл-кум алынуучу карьерлерден аккан ылайка суу себеп болуп жатат. Анын кесепетинен Ак-Буура дарыясы да булганууда. Бардык тиешелүү кызматтар шаардыктарга суу берүү үчүн күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Жарандарды абалды туура түшүнүүгө чакырабыз.