Ош шаарында дагы бир сейил бак ачылды
Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районундагы Жолон Мамытов атындагы сквер пайдаланууга берилди. Ачылыш аземге шаар мэри Жанарбек Акаев, Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Исраилов, шаардык кеңеш, тургундар катышты. Калаа башчысы тургундар үчүн эстелик тактайчасын орнотуп, жарыктандырууга старт берди.
Сквер Ош шаарынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан курулуп, заманбап отургучтар, акындын ырынын саптары менен атайын инсталяция, атайын жарыктандыруу, балдар аянтчасы, воркаут зонасы бар. Бул алты айдын ичинде ачылган отузунчу сквер болуп калды.