“Ош шаар суу канал” ишканасына жаңы жетекчи дайындалды
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаевдин тиешелүү буйругуна ылайык, ишкананын башкы директору кызматына Нурбек Шарабжан уулу дайындалды.
Бүгүн шаар башчысы жаңы дайындалган жетекчини кабыл алып, аны жаңы кызматы менен куттуктады. Жолугушуунун жүрүшүндө мэр алдыдагы жумуштар боюнча бир катар тапшырмаларды берип, шаар тургундарын суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу маселесине өзгөчө көңүл бурууну талап кылды. Мэр ошондой эле суу берүүдөгү үзгүлтүктөрдүн алдын алуу, күтүүсүз абалдарга өз убагында чара көрүү жана ишкананын ишин натыйжалуу уюштуруу боюнча конкреттүү тапшырмаларды койду.