SerepTV Logo

«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган китептер эркин сатууга чыгарылбайт

 «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган китептер эркин сатууга чыгарылбайт
Агартуу министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик мектептер үчүн даярдалган окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстери эркин сатууга чыгарылбайт.

Учурда базарларда, дүкөндөрдө жана интернет булактарында мамлекеттик мектептерге арналган окуу китептерин сатуу фактылары катталууда. Буга байланыштуу мыйзам чегинде чара көрүү үчүн Башкы прокуратурасына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине расмий кайрылуулар жөнөтүлдү. Министрлик жеке жана юридикалык жактарды окуу китептерин мыйзамсыз сатпоого, таратпоого жана сатууга ортомчулук кылбоого чакырат. Мыйзам талаптарын бузган жактарга карата тиешелүү чаралар көрүлөт. Жеке менчик мектептер «Учкун» ААКсы менен келишим түзүү аркылуу гана сатып ала алышат.

Сатып алуу боюнча байланыш телефондору:
📞 0997 112 204, 0708 608 002
SEREP MEDIA