Маматалиев көк бөрү оюндарына күбө болду
Кечээ, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев, “Ынтымак-Мекенчил" депутаттык тобунун жетекчиси Талант Мамытов жана депутат Улукбек Карыбек уулу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү мелдештерине күбө болду.
Алсак, кечээ Кыргызстан менен Россия Федерациясынын жана Өзбекстан менен АКШнын көк бөрүчүлөрү беттешип, кызуу оюн көрсөтүштү.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан көк бөрү мелдешинде Кыргызстандын, Россия Федерациясынын, Америка Кошмо Штаттарынын, Мажарстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын курама командалары күч сынашууда.