Abank_oct
SerepTV Logo

Мадумаров: "Бүгүн акталсам, президенттик шайлоого 100 пайыз бармакмын"

Мадумаров: "Бүгүн акталсам, президенттик шайлоого 100 пайыз бармакмын"

Жогорку Сот 20-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаровго байланыштуу соттук чечимдерди күчүндө калтырды. Сот отуруму жабык режимде өттү. Бул тууралуу "Акипресс" жазды.

Жогорку Соттун маалыматына караганда, кылмыш ишин кароонун жыйынтыгында Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун 2024-жылдын 26-мартындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2024-жылдын 10-июлундагы чечими өзгөртүүсүз калтырылды.

Адахан Мадумаровго карата эки кылмыш иши козголуп, кийинчерээк алар бир өндүрүшкө бириктирилген. Биринчи иш 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасынын тилкесине байланыштуу Мадумаров кол койгон протоколго байланыштуу болгон. Ал учурда Мадумаров Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын ээлеп турган. Бул иш боюнча ага алгач мамлекеттик чыккынчылык беренеси боюнча айып тагылган. Экинчи кылмыш иши жаран Чынгыз Абдымомуновдун арызынын негизинде козголгон. Ал 2015-жылы «Бүтүн Кыргызстан» партиясына 50 миң доллар бергенин билдирген. Кийин ал акчасын кайтарып берүүнү талап кылып, милицияга кайрылган. Бул факты боюнча Мадумаровго жана «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаевге «Алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылган.

SEREP MEDIA