Кыргызстан боюнча бир убакта 105 социалдык объект ачылды
Президент Садыр Жапаров кечээ, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы “Акылман” лицейинин ачылышына катышып, ошол эле учурда онлайн форматта Кыргызстан боюнча 100 социалдык объектти ишке киргизди. Бул тууралуу курулуш министрлигинен маалымдашты.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы билимдүү, мекенин сүйгөн жана татыктуу жаштар эгемен Кыргызстандын негизги коргоочусу экенине басым жасады. “Мына ошондон улам, билим берүү тармагында дагы бир маанилүү кадам жасап, Талас шаарына “Акылман” лицейин ачып жатабыз. Демек, биз өлкөбүздүн жаркын келечегине эң чоң инвестиция салып жатабыз. Мындан 3 жыл мурда Ысык-Көлдө ачылган “Акылман” лицейи да, бүгүн Талас шаарында эшигин ачып жаткан лицей дагы өлкөбүздүн ар тарабынан тандалып алынган зээндүү балдарыбыз үчүн билимдин жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн очогу болот деп бекем ишенем”, - деди Садыр Жапаров.
Ал ошондой эле Эгемендүүлүк күнүнө карата жыл сайын бир катар социалдык жана өндүрүштүк объекттерди онлайн форматта ачуу жакшы салтка айланганын белгилеп өттү. Мындан тышкары, Садыр Жапаров Талас шаарында бир нече социалдык объекттин ачылышына өзү катышып, аларды салтанаттуу түрдө ишке киргизди.
Жалпысынан 34 мектеп, 28 бала бакча, 12 спорттук имарат, 9 саламаттык сактоо мекемеси, 9 маданий объект, 11 административдик имарат жана башка багыттагы 2 объект пайдаланууга берилди. Мамлекет башчысы бул долбоорлор элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга: тегиз билим алууга, татыктуу тарбия берүүгө, саламаттыкты чыңдоого, сергек жашоо образын түзүүгө, дүйнө тааным, аң-сезимибизди көтөрүүгө, маданиятыбыздын деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгиледи.