SerepTV Logo

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын VI ДКО параддык формасы

Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын VI ДКО параддык формасы

Кыргызстандын Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциясы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын улуттук курама командасынын расмий жана спорттук формасын тааныштырды.

Форманын дизайнын ата мекендик дизайнер Толгонай Байра иштеп чыккан.

«Бул форманын ар бир сызыгында муундардын эс тутуму, ата-бабалардан калган мурастын жаңырыгы жана алдыга сүрөгөн Саманчынын жолу чагылдырылган. Бул форма спортчуларыбызга күч, ишеним жана жеңишке болгон эрк берсин. Силер менен бирге бүтүндөй Кыргызстан алдыга умтулат! Алга, Кыргызстан!» — деп жазган ал.



SEREP MEDIA