SerepTV Logo

Кырчында бүркүт кол салган жоокери сыйланды

Кырчында бүркүт кол салган жоокери сыйланды
 
5-сентябрда Ички иштер министрлигинин Ички аскерлеринин кол башчысы, полковник Дамир Алыбаев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Кырчын жайлоосунда коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөп жаткан катардагы жоокер Эрсултан Ибраимовду "Мыкты жоокер" төш белгиси менен сыйлады.

Ички аскерлердин кол башчысы жоокерди кызмат учурунда көрсөткөн кайраттуулугун жана шамдагайлыгын белгилеп, мындан ары да мекен алдындагы ыйык кызматын абийир менен аткарып, куралдаштарына үлгү болуусун каалады. Жоокердин мындай аракеттери анын кызматтык милдетине болгон жоопкерчилигин, эрктүүлүгүн жана ар кандай кырдаалда чечкиндүү аракет кыла аларын дагы бир ирет айгинеледи.

Эрсултан Ибраимовго байланыштуу видео кеңири тарап, коомчулуктун кызыгуусун жараткан. Анда жоокердин кызмат өтөө учурунда күтүүсүз жагдайга туш болуп, өзүнүн шамдагайлыгын, тайманбастыгын жана ыкчам аракетин көрсөткөнү чагылдырылган.
SEREP MEDIA