SerepTV Logo

Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды

Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды
Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар бир мандаттуу округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырды.

"Биринчи жана экинчи инстанциянын чечимдери күчүндө калтырылды", - дешти редакцияга. 

2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировдун атаандашы болгон Равшан Рыспаев сотко шайлоодон утуп чыккан талапкерди мандатынан ажыратуу арызы менен кайрылган. Ошондон бери соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан эле.