Abank_oct
SerepTV Logo

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 16 медаль жеңишти

Информатика боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 16 медаль жеңишти
 
15-17-апрель күндөрү IATI 2026 эл аралык информатика олимпиадасы онлайн форматта өттү. Мелдешке дүйнөнүн 12 өлкөсүнөн жүздөгөн окуучулар катышып, Кыргызстандын курама командасы мыкты жыйынтык көрсөттү. Жалпы эсепте окуучуларыбыз 3 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медаль багындырышты. 

Senior категориясында 12 өлкөдөн 285 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу күч сынашып, жыйынтыгында 1 алтын, 2 күмүш жана 6 коло медаль жеңип алышты.

Жеңүүчүлөр:
• 🥇 Бобрус Ян - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучусу - Даярдаган мугалимдери : Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий
•🥈 Нурислам Карипжанов - Ч. Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын окуучусу
• 🥈 Али Арапов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Рамазан Мананов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Алихан Айдарбеков - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 12-классынын окуучусу
•🥉 Али Алмазов - Жайыл Баатыр атындагы Сапат лицейинин 10-классынын окуучусу
• 🥉 Абдуллахан Абдирасулов - “Сейтек СТЕМ” мектебинин 10-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Кылычбек Урайымов
• 🥉 Аруубек Баймырзаев - “Акылман” президенттик лицейинин 9-классынын окуучусу
• 🥉 Актан Мавлянов - “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов

Junior категориясында (2011-жылы же андан кийин төрөлгөн окуучулар) 12 өлкөдөн 155 окуучу катышты. Кыргызстандан 16 окуучу катышып, 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медаль утушту.

Жеңүүчүлөр:
• 🥇 Эмирхан Сыдыкбаев - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥈 Арлан Саят - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥈 Ариет Акимов - “Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу
• 🥉 Жаратов Нурмухаммед - ОК “Маариф” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалимдери: Кичак Евгений, Ишматов Мамат, Алмазбеков Бексултан, Игнатьев Анатолий
• 🥇 Бектен Абдувалиев - Ош шаарындагы International School of Kyrgyzstan мектебинин 8-классынын окуучусу
Даярдаган мугалимдери: Мирбек Бакиров, Кылычбек Урайымов
• 🥈 Азирет Исраилов - “Intellect Pro School” мектебинин 9-классынын окуучусу
• 🥉 Айназик Жусупова - “Intellect Pro School” мектебинин 8-классынын окуучусу
Окуучуларды даярдаган мугалими: Медербек Осмонов

Кыргызстандын курама командасынын мындай ийгилиги өлкөбүздүн жаш информатиктеринин эл аралык деңгээлдеги атаандаштык мүмкүнчүлүгү жогорулап жатканын дагы бир жолу тастыктады.
SEREP MEDIA