SerepTV Logo

ИИМ: Көк бөрү жана көк пар оюндарынын финалына 50 миңге жакын көрүүчү келди

ИИМ: Көк бөрү жана көк пар оюндарынын финалына 50 миңге жакын көрүүчү келди
 
Бүгүн, 6-сентябрда Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Көк бөрү жана көк пар оюндарынын финалдык беттештери болуп өттү. Ага 50 миңге жакын көрүүчү катышты. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Ипподромдо ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов кызматкерлердин кызмат өтөөсүнүн уюштуруучулук жагын көзөмөлдөп турду. Ал эми финалдык беттештерде коомдук тартип менен коопсуздукту камсыздоо Бостери айылындагы милициянын кырдаалдык борборунан ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Суюнбек Ниязбековдун жетекчилиги астында координацияланды. Катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жеринен ички иштер органдарынын 5 миңге жакын кызматкери камсыздап турушту.

Бүйүр кызыткан оюндар башталгандан аяктаганга чейин жеринде кызмат өтөп жаткан кызматкерлерге кошумча көрсөтмөлөр жана тапшырмалар кырдаалга жараша берилип турду. Милициянын биргелешкен натыйжалуу аракеттеринин иш-чаралар кырсыксыз жыйынтыкталды.
SEREP MEDIA