SerepTV Logo

Ички иштер министри Ипподромдо милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди

Ички иштер министри Ипподромдо милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүн текшерди
 
Ысык-Көл облусунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары уланууда. Ички иштер министри Улан Ниязбеков орун басарлары менен биргеликте VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында ат оюндары өтүп жаткан Ипподромго барды.

Министр коомдук тартипти камсыздоого тартылган милиция кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн уюштурулушу, ошондой эле объекттин аймагындагы кырдаал менен таанышты. Өзгөчө көңүл көрүүчүлөрдүн, мелдештин катышуучуларынын жана иш-чарага келген коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу маселелерине бурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө Улан Ниязбеков өздүк курамдын ишине баа берип, коюлган милдеттерди так аткаруунун жана кырдаалдын өзгөрүшүнө ыкчам чара көрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мелдештер өтүп жаткан мезгилде милиция Ипподромдун аймагында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууну улантууда.
SEREP MEDIA