SerepTV Logo

Фоторепортаж. СИЗО-1деги бир күн

Фоторепортаж. СИЗО-1деги бир күн
Жазаларды аткаруу кызматы Бишкектин "централ" деп аталган тергөө абагындагы бир күн аталышындагы фоторепортаж даярдашты. Борбор калаанын ортосунда жайгашкан түрмө комплекси 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун кызуу маалында курулган. Расмий түрдө бул Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу кызматынын карамагында турган №21 атайын мекеме. Режимдик объект Элебаев, Максим Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн Геологиялык тилкеси менен чектешкен жерди ээлейт. "Мындай калк жыш жайгашкан аймакта кылмышкерлер, анын ичинде террористтер, киши өлтүргүчтөр жана зордукчулар, каракчылар жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө толуп турган атайын жайдын болушу кооптуу экенин моюнга алышыбыз керек. 80 жыл мурда курулган, эскилиги жеткен имаратта мыйзам бузуучулар менен жарандардын коңшулугу коркунучтуу туюлушу мүмкүн. Ошондуктан жакында эле Министрлер кабинети көптөн күткөн, заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген, жаңы СИЗО куруу боюнча чечим кабыл алды. Ал Бишкектин сыртында болот. Бир күнү бул өзүнүн жаза өтөө милдетин аткарып бүтүп, өз ишин токтотот. Ошондуктан сиздерде, мыйзамды сыйлагандар үчүн бул объекттин кантип жашап жатканын көрүүгө уникалдуу мүмкүнчүлүктөр бар. Көзгө көрүнбөгөн, күзөт мунаралардын, тикенек зымдардын жана темир торлордун артына катылган жашоону көрүүгө шарт түзүлдү", - деп айтылат маалыматта.
Борбордук СИЗОнун азыркы жетекчиси Туруспеков Нурдин Амантаевич.
Атайын бөлүнгөн бөлмөдө кызматкерлер камералардагы жарандарга туугандарынан жана таныштарынан тамак-аш, кийим-кечелерди кабыл алышат.
 
Уюлдук телефондор же курал сыяктуу тыюу буюмдар кирип кетпеш үчүн баардык баштыктар рентген аппараты аркылуу сканерден өткөрүлөт.
Кампа тез эле көлөмдүү жүктөргө толо түшөт...
 
Жабдуулар, албетте, маанилүү жана зарыл, бирок көзсүз бир да жүк өтпөйт.
 
Бүгүн №121 камерада майрам болору анык - аларга бир маалда төрт торт келди.
 
Бул сүрөттө, атайын унаалар камактагыларды сот отуруму аяктагандан кийин жаңы эле алып келишти.
СИЗОдо мөөнөтүн өтөө үчүн калтырылган соттолгондордон турган «хозбанда» деп оталган отряд ар кандай чарбалык иштерди аткарышат.
Ал эми оор кылмыш жасаган бул жигит соттолгондор арасында гирия көтөрүү боюнча Кыргызстандын чемпиону болгон.
 
Ашкана кызматкерлери кечки тамакты камераларга жеткирүүгө даярданып жатышат.
Бишкектин СИЗОсунда макарон, эт, жашылча-жемиштер жана талкан азыктары, жумуртка деги баардык азыктарды беришет.
Ар бир камеранын эшигиндеги тамак берилүүчү бул тешик байыртадан эле салттуу түрдө «кармушка» деп аталат.
 
Абактын коридорлору
 

ОКШОШ КАБАРЛАР

"Ооба, түз эфирде мүчүлүштүктөр кетти". Ачылыш аземдин алып баруучусу Эркин Нурбаев үн катты

08:40 01.09.2026

Ташкентте Райымбек Матраимовдун уулунун үйлөнүү тою өттү. Ага кимдер барган?

08:57 02.09.2026

Кырчында бүркүт кол салган жоокери сыйланды

16:14 05.09.2026

Кыргызстан, Азербайжан, Кытай, Түркия жана Өзбекстандын биринчи айымдары «Ала-Арчага» барышты

18:14 01.09.2026

Кытай төрагасы Си Цзиньпиндин Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине катышпай тургандыгы маалымдалды

20:14 31.08.2026

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

14:57 30.08.2026

Аяз Баетов Нью-Йорк шаарындагы БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалды

18:52 08.09.2026

Бишкек мэри жол объектилерин кыдырып, иштерди тездетүүнү тапшырды

17:33 08.09.2026

PISA 2025: Кыргызстан рейтингде 11 позицияга көтөрүлдү

17:15 08.09.2026