Экс-мэр Жеңишбек Токторбаевдин атасы дүйнөдөн кайтты
Экс-мэр, экс-депутат Жеңишбек Токторбаевдин атасы Шермамат Токторбаев дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу соцтармакта саясатчынын санаалаштары жазды.
"Жаназа эртең, 23-сентябрь күнү саат 11:00дө Барпы айылында Ш.Токторбаев ажы-40 дарегинде окулат", - деп жазылат маалыматта.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги саясатчынын жакындарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.