SerepTV Logo

Экс-депутат Нурбаев: "PISA биз үчүн максат эмес. Ал - күзгү"

Экс-депутат Нурбаев: "PISA биз үчүн максат эмес. Ал - күзгү"
"2025-жылдагы PISA жыйынтыктары жарыяланды. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан буга чейин сынакка 2009-жылы катышкан. 17 жылдан кийинки жыйынтык коомдо ар кандай бааланып жатат. Айрымдар "позициябыз аз да болсо жакшырды" деп кубанса, кээ бири дагы эле арттабыз" деп нааразы. Эки жагдайга тең өзүнчө кайрылган жөндүү". Бул тууралуу экс-депутат Абдывахап Нурбаев соцтармактагы баракчасына жазды.

"PISAнын жыйынтыгын биринчи кезекте өзүбүздү алдоо үчүн эмес, өзүбүзгө чынчыл суроо берүү үчүн колдонушубуз керек. Ооба, Кыргызстандын айрым көрсөткүчтөрү өскөн. Муну жокко чыгаруунун кереги жок. Бирок 17 жылдык аралыкты эске алганда, бул өсүштү билим берүү системасындагы олуттуу сапаттык өзгөрүү деп атаганга азырынча негиз жетишсиз. Анын үстүнө биздин позициябыз кескин өзгөрүп кеткен жок.

Дагы бир нерсе бар. Кыргызстанда акыркы жылдары окуучуларды PISA тестине даярдоо иштери жүргүзүлүп келет. Ошондуктан тесттин форматына көнүү факторун да эске алуу зарыл. Ал эми PISAнын өзү окуучунун жаттаган маалыматтарынын көлөмүн эмес, алган билимин жаңы кырдаалда колдонуп, ой жүгүртүп, маселени чече алуусун баалайт. Учурда бул билим берүү өңү эң маанилүү муктаждык жана чакырык болуп турат. Демек, биздин максат PISAга жакшы даярданган балдарды эмес, өз алдынча ой жүгүрткөн балдарды көбөйтүү болушу керек. Бул экөөнүн айырмасы өтө чоң.

Эгер бала тесттин форматын жакшы билсе, бирок жаңы маселеге туш болгондо даяр жооп издесе, биз чыныгы билим берүү натыйжасына жетиштик деп айта албайбыз. Мени ойлондурган дагы бир маселе – өнүккөн Европа өлкөлөрүнүн айрымдарында да көрсөткүчтөрдүн төмөндөп жатканы. Муну жөн гана «балдардын билими начарлап кетти» деп түшүндүрүү жетишсиз. Жасалма интеллекттин тездик менен өнүгүшү, маалыматтын көбөйүшү, көңүлдүн улам бөлүнүшү жана окуу маданиятынын өзгөрүшү жалпы билим берүүнү да өзгөртүп жатат. Балким, биз билим берүү системасын оңдоп эле тим болбостон, анын түпкү маңызын кайра ойлонушубуз керек болуп жаткандыр. Анткени жасалма интеллект каалаган маалыматты заматта таап, даяр жооп бере алган учурда, мектептин милдети жөн гана маалымат берүү эмес.

Мектеп балага билим берүүдө төмөнкү талаптарды камсыздашы керек деп ойлойм:
- Туура суроо берүүгө,
- маалыматты айырмалоого, талдоого
- далилди текшерүүгө,
- өз алдынча ой жүгүртүүгө,
- ката кетирүүдөн коркпоого жана билимин реалдуу жашоодо колдонууга.

Ошондуктан PISAнын жыйынтыгынан кийин министрликке да, мугалимдерге да, ата-энелерге да бир эле суроо коюлушу керек: Биз балдарды кийинки тестке даярдап жатабызбы же кийинки жашоого даярдап жатабызбы? Менимче, айырмасы абдан чоң. PISA биз үчүн максат эмес. Ал - күзгү. Күзгүгө карап өзүбүзгө жагымдуу көрсөткүчтөрдү гана көрүп, калганын жаап коюу оңой. Бирок билим берүүдө чыныгы өзгөрүү өзүбүзгө жакпаган нерселерди да көрүп, аларды өзгөртүүгө даяр болгондо башталат", - деп жазылат билдирүүдө.
SEREP MEDIA