Депутат Улукбек Карыбек уулу көк бөрүчү Дастан Руслан уулу менен жолугушту
Кечээ, 11-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Карыбек уулу көк бөрү боюнча улуттук курама команданын оюнчусу, жер улак боюнча VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү Дастан Руслан уулу менен жолугушту.
Эл өкүлү спортчунун жеке чеберчилигине жогору баасын берип, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өлкө намысын коргоого кошкон салымы, айрыкча жер улак боюнча финалдык беттеште көрсөткөн мыкты оюну үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы жана 100 000 сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды. Өз кезегинде Дастан Руслан уулу көрсөтүлгөн сый-урмат үчүн ыраазычылык билдирип, алдыдагы ири мелдештерде да элдин ишеничин актоого болгон күчүн жумшай турганын айтып өттү.