SerepTV Logo

"Чаң соргучту колдонбоңуз!". Градусник сынса эмне кылуу керек?

"Чаң соргучту колдонбоңуз!". Градусник сынса эмне кылуу керек?
ӨКМден градусник сынса эмне кылуу керектигин жана сымапка уулануунун белгилерин айтып беришти. ▫️Бөлмө ичинде градусник сынып, сымап майда бөлүкчөлөргө чачыраган учурда, эң биринчи кадам бөлмөнүн терезе, эшигин ачып, таза аба кирүүсүнө шарт түзүңүз.
▫️Жердеги сымап затын резина кол кап кийип, сууланган гезит, эң майда бөлүкчөлөрүн “лейкопластыр” медициналык каражатынын жардамы менен чогултуңуз. Чаң соргучту колдонууга болбойт!
▫️Чогултулган сымапты суу куюлган желим бөтөлкөгө салып, оозун бек жабыңыз. Таштандыга, сыртка, унитазга таштаганга болбойт. Уулу затты зыянсыздандыруучу адистерге кайрылыңыз.
▫️Сымап төгүлгөн жерди самын жана сооданын ысык суудагы аралашмасы же хлор, марганцовка менен жууп тазалаңыз.
Сымап затына уулануунун белгилери:
- Адам сымапка катуу ууланганы 8-24 саат ичинде билинет;
- Алсыз болуу;
- Табиттин жоголушу;
- Баш оору;
- Шилекей жутканда тамактын оорушу, оозго темирдин даамы келиши;
- Ооз көңдөйүнүн канашы;
- Ич оруу;
- Көңүл айнуу, кусуу;
- Ич өтүү;
- Шишик пайда болот. Мына ушу белгилер пайда болгондо, жакын жердеги медициналык мекемедеги дарыгерге кайрылып, тийиштүү жардам алыңыз. Саламаттыгыңызга өз убагында кам көрүңүз.