SerepTV Logo

Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочуларга арналган эстелик ачылды

Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочуларга арналган эстелик ачылды
 
Чек ара окуяларында курман болгон мекен коргоочулардын жаркын элесин эскерүү, алардын эрдигин даңазалоо жана жаш муундарды мекенчилдикке тарбиялоо максатында, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл өкмөтүнүн алдында БТР-70 аскердик техникасы орнотулган постаменттин ачылыш аземи өттү.
 
Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мекен коргоочулардын жакындары, ардагерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана айыл тургундары катышты. Аземде сөз сүйлөгөн облус башчысы Мамыржан Рахимов бул эстеликтин мааниси терең экенин белгиледи. “Бул эстелик — жөн гана аскердик техниканын үлгүсү эмес. Бул — чек араны кайтарган жоокерлердин эрдигинин, кайратынын жана Мекенге болгон берилгендигинин символу. Мекен үчүн кызмат кылуу — чоң сыймык. Ал эми зарыл учурда Мекендин бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн курман кылуу — адамдын эң бийик эрдиги”, - деди Мамыржан Рахимов.
 
Иш-чаранын жүрүшүндө “Республикалык жоокерлердин энелери комитети” коомдук бирикмесинин жана республикалык “Мекенди коргоочулар” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да сөз сүйлөп, мекен коргоочулардын эрдигин эскерүүнүн маанилүүлүгүнө токтолушту. Аземдин катышуучулары мекен үчүн курман болгон жоокерлердин жаркын элесине таазим кылып, эстеликке гүлчамбарларды коюшту. Иш-чара маданий программа менен улантылды. Соңунда мекен чегинде каза болгон жарандардын арбайына багышталып куран окулду. Жаңы эстелик — өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоодо курман болгон мекенчил уулдардын эрдигин түбөлүккө даңазалаган ыйык жайлардын бири болду.
SEREP MEDIA