SerepTV Logo

Бишкекте кондиционери бар жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштады

Бишкекте кондиционери бар жаңы автобустар шаардык каттамдарга чыга баштады
 
Бишкек мэриясынын демилгеси менен шаарга кондиционер менен жабдылган, узундугу 12 метр болгон YUTONG үлгүсүндөгү 95 жаңы автобус алып келинди. Учурда автобустар этап-этабы менен шаардык каттамдарга чыгарылып, жүргүнчүлөрдү тейлей баштады.

Бүгүн, 17-сентябрда таңкы саат 5:00дөн тарта алгачкы 17 жаңы автобус каттамга чыгып, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө киришти. Буга чейин №153 каттамда иштеп келген автобустар башка шаардык каттамдарга бөлүштүрүлдү. Ал эми №153 каттамга жаңы YUTONG автобустары чыга баштады. Жакынкы убакта калган YUTONG автобустары да этап-этабы менен каттамга чыгарылып, шаардагы башка каттамдарга бөлүштүрүлөт.

Жаңы автобустарды этап-этабы менен каттамдарга чыгаруу шаардык каттамдардагы заманбап коомдук транспорттун санын көбөйтүүгө, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана тейлөөнүн сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
SEREP MEDIA