Бишкекте Махатма Ганди көчөсүнүн бир бөлүгүндө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
Оңдоо иштеринин жүргүзүлүшүнө байланыштуу эртең, 8-сентябрдан тартып Махатма Ганди көчөсүнүн (мурдагы Муромская көчөсү) Ахунбаев көчөсүнөн Гагарин көчөсүнө чейинки бөлүгүндө транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
"Жол жүрүү багыттарыңызды алдын ала пландап, мүмкүн болушунча альтернативдүү жолдорду тандап алууңуздарды өтүнөбүз. Жол кыймылынын качан калыбына келтирилери оңдоо иштеринин жүрүшүнө жана аяктоо мөөнөтүнө жараша кошумча маалымдалат", - деп жазылат маалыматта.