Бишкекте коомдук транспорттун каттамдары убактылуу өзгөрөт
21-октябрдан тартып Махатма Ганди көчөсүндө (мурдагы Муромская көчөсү) жол оңдоо иштерине байланыштуу транспорт кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Ушуга байланыштуу № 6, 36 жана 169-автобустар Гагарин көчөсү аркылуу каттап, № 4 шаардык ооруканасына кирбей өтөт. Ошондой эле № 23 жана 18-автобустардын каттамдарынын схемасы убактылуу өзгөрөт.
Борбор калаанын мэриясы шаар тургундарына жана конокторуна коомдук транспорттун кыймылындагы өзгөрүүлөрдү эске алууну сунуштайт жана түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.