Бишкек мэри жол объектилерин кыдырып, иштерди тездетүүнү тапшырды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев көчмө жыйындын жүрүшүндө шаардагы бир катар жол объектилериндеги капиталдык оңдоо жана курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ошондой эле оңдоо иштери аяктаган эки жол тилкесин ачты.
Алгачкы объект - Чүй проспектиси менен Осмонкул көчөсүнүн кесилишиндеги жол тилкеси болду. Бул жерде жолду капиталдык оңдоо иштери аяктады. Жумуштарды «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы аткарды. Учурда жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрдү иретке келтирүү боюнча айрым майда иштер калды. Мэр бул иштерди бир жуманын ичинде толук бүтүрүүнү тапшырды. Ошондой эле мечиттин маңдайындагы аймакта көп кабаттуу унаа токтотуучу жай куруу маселесин карап чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, мэр Чыгыш автобекетинин айланасын жана сырткы көрүнүшүн иретке келтирүүнү, кошумча унаа токтотуучу жайларды түзүүнү жана имараттын тарыхый-маданий өзгөчөлүгүн сактоо менен фасадын жаңылоону тапшырды.
Экинчи объект - Ж. Абдрахманов көчөсү менен Гүлчынский көчөсүнүн кесилишиндеги жол тилкеси болду. Бул жерде капиталдык оңдоо иштери аяктап, мэр жаңыланган жол тилкесин ачты. Жакынкы аймактын тургундары жүргүзүлгөн иштер үчүн мэрге жана шаардык кызматтарга ыраазычылык билдиришти. Андан соң Айбек Жунушалиев Ж. Абдрахманов көчөсүнүн Кожевенная көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки бөлүгүндөгү капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшүн текшерди. Ошондой эле мэр Келечек-9 көчөсү аркылуу «Дордой-автотетиктери» базарына баруучу жолдун курулушун көрүп чыкты. Айбек Жунушалиев жеке компаниялардын өкүлдөрүнө аталган тилкени 24 сааттын ичинде асфальттоого киришүүнү тапшырды. Тапшырма аткарылбаган учурда Бишкек шаарынын мэриясы жол тилкесин талаптагыдай абалга келтирүү иштерин өз алдынча баштай турганын билдирди.
Көчмө жыйындын жүрүшүндө мэр Саадаев көчөсүнөн Түндүк айланма жолго чейинки тилкедеги Кыргыз көчөсүн да көрүп чыкты. Бул жерде Саадаев көчөсүнөн БЧКга чейинки тилкеде канализация тармагын төшөө боюнча негизги иштер аяктады. Учурда жолдун негизин жана жол төшөлмөсүн куруу иштери башталууда.
Жыйынтыгында мэр жооптуу жетекчилерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу аткарууну, жол катмарынын сапатын камсыздоону жана жол боюндагы аймактарды комплекстүү түрдө көрктөндүрүүнү тапшырды.