SerepTV Logo

«Бишкек Аренада» өтө турган бүгүнкү концертке шаттл-автобустар уюштурулат

«Бишкек Аренада» өтө турган бүгүнкү концертке шаттл-автобустар уюштурулат
 
18-сентябрда «Бишкек Арена» стадионунда чет элдик артисттердин катышуусунда концерт өтөт. Иш-чара саат 19:00дө башталат.

Көрүүчүлөрдүн ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында Бишкек мэриясы тарабынан стадионго борборлоштурулган жеткирүү уюштурулду. Шаттл-автобустар саат 15:00дөн 18:00гө чейин шаардын беш жеринен каттайт:
- №1 шаттл-автобус: Асанбай кичирайону (А. Токомбаев көчөсү, 3/7) – «Бишкек Арена»;
- №2 шаттл-автобус: Матиев көчөсү (Алтымышов көчөсү, 98/1) – «Бишкек Арена»;
- №3 шаттл-автобус: Жаштар кварталы (Малдыбаев көчөсү, 275/Б) – «Бишкек Арена»;
- №4 шаттл-автобус: Т. Фрунзе көчөсү (Гагарин көчөсү, 284) – «Бишкек Арена»;
- №5 шаттл-автобус: «Ынтымак» паркы – «Бишкек Арена».

Көрүүчүлөрдү жеткирүүнү уюштуруу үчүн 250 шаттл-автобус тартылат. Концерттик программа аяктагандан кийин көрүүчүлөрдү кайра жеткирүү да уюштурулат. Ошол эле учурда 18-сентябрда шаардык коомдук транспорт штаттык режимде иштейт. Каттамдардын санын кыскартуу, иштөө режимин өзгөртүү же коомдук транспорттун кыймылын токтотуу каралган эмес.

Көрүүчүлөрдүн саны көп болору күтүлүп жатканын жана иш-чара жумуш күнүнө туш келгенин эске алуу менен Бишкек шаарынын мэриясы сапарларды алдын ала пландаштырууну, жолдо жүрүү убактысы көбөйүшү мүмкүн экенин эске алууну жана мүмкүнчүлүккө жараша ыңгайлуу каттамдарды тандоону сунуштайт. Ошондой эле борбор калаанын тургундарынан жана конокторунан транспорттук жүктөмдүн көбөйүшүнө жана шаардын айрым райондорунда жол кыймылынын убактылуу өзгөрүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөбүз. Бишкек шаарынын мэриясы иш-чара өтүп жаткан мезгилде көрүүчүлөрдүн транспорттук жеткиликтүүлүгүн жана ыңгайлуу жүрүүсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруу иштерин жүргүзөт.
SEREP MEDIA