Бишкек: Ак-Ордо конушунда 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады
Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Курулуш министрлиги тарабынан Бишкек шаарындагы Ак-Ордо конушунун Теңир-Тоо көчөсүндө 750 орундуу жаңы мектептин курулушу аяктады.
Мектептин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты Курулуш министри Нурдан Орунтаевдин жеке көзөмөлүндө болду. Долбоорго ылайык, мектеп үч кабаттуу болуп, жалпы аянты 3349 чарчы метрди түзөт. Билим берүү мекемесинде окуучулар үчүн заманбап окуу класстары, лабораториялар, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт залы каралган. Мындан тышкары, мектептин аймагында окуучулардын дене тарбия жана спорт менен машыгуусу үчүн ачык асман алдындагы волейбол жана баскетбол аянтчалары курулду.
Учурда объектини пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү иштер аткарылууда.