Баткен: жол каттамдары ачык, калкка электр энергиясы жана таза суу, сугат суу берилүүдө
Кечээ, 27-июнда Баткен облусунда болгон катуу шамалдын жана селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлдү. Натыйжада жол каттамдары толугу менен ачылып, учурда автоунаалардын кыймылына эч кандай чектөө жок. Электр энергиясы үзгүлтүккө учураган аймактарда электр берүү калыбына келтирилди. Учурда Баткен районунун Бөжөй айылындагы 147 абонентке гана электр энергиясы бериле элек. Бул багыттагы калыбына келтирүү иштери уланууда.
Сугат суу үзгүлтүксүз берилүүдө. Суу чарба объектилери штаттык режимде иштеп жатат. Байланыш тармагында айрым ишканалардын жана абоненттердин интернет линиялары үзүлгөн. Аларды калыбына келтирүү боюнча оңдоо-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.
Баткен шаарында таза суу берүү калыбына келтирилди. Айрым аймактык башкармалыктарда таза суу берүү иштерин калыбына келтирүү боюнча аракеттер жүрүп жатат.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун жетекчилиги алдында облустун жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Ошондой эле тиешелүү комиссия 27-июндагы катуу шамалдын кесепетинен жабыркаган турак үйлөрдүн, социалдык объектилердин жана чарбалык курулуштардын санын тактоо иштерин жүргүзүүдө.