Барскоон суусунда балыктар эмне үчүн өлүп жатат? Министрлик себеби так аныктала электигин билдирди
11-сентябрда Жети-Өгүз районунун Барскоон суусунда балыктардын өлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Маалыматтын негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жеринде кароо иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Жети-Өгүз райондук санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери да тартылды.
Жеринде жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө Барскоон суусунун айрым тилкелеринде өлүмгө учураган балыктар бар экендиги аныкталды. Учурда балыктардын өлүмүнө алып келген себептер так аныктала элек. Тактоо иштеринин алкагында санитардык-эпидемиологиялык жана ветеринардык кызматтардын адистери тарабынан Барскоон суусунан суунун үлгүлөрү, ошондой эле өлгөн балыктардан тиешелүү үлгүлөр алынып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү.
Мындан тышкары, министрликтин Экологиялык мониторинг департаментинин Ысык-Көл регионалдык секторунун адистери тарабынан Барскоон дарыясынан суунун үлгүлөрү алынууда. Министрлик тарабынан лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары расмий түрдө даяр болгондон кийин коомчулукка кошумча маалымат берилет.