Алагозов: "Жалпы командалык эсепте Казакстан 1-орунду ээледи. Куттуктайбыз!"
6-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жогорку деңгээлде өтүп, чоң спорттук майрам катары жыйынтыкталды. Өзгөчө көк бөрү жана жер улакта кыргыз жана казак командалары мыкты оюн көрсөтүп, атаандаштык оюн талаасында гана каларын дагы бир жолу далилдешти. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов соцтармактагы баракчасына жарыялады.
"Күйөрмандардын арасында да эч кандай маселе жаралган жок. Бул үчүн спортчуларга жана эки элдин күйөрмандарына өзгөчө ыраазычылык билдиребиз.
Командалык эсеп боюнча бир гана техникалык айырма медалдарды эсептөөдө жаралган. Бүгүн уюштуруу комитети Казакстандын үч спортчусунун ар биринин медалын өзүнчө эсептөө чечимин кабыл алды. Ошентип, жалпы командалык эсепте Казакстан биринчи орунду ээледи. Казак боордошторубузду жеңиши менен куттуктайбыз!
Кыргызстандык спортчулар да бул оюндарда өз күчүн, чеберчилигин татыктуу көрсөттү. Медалдын эсеби спорттун бир бөлүгү, ал эми бул оюндардын эң чоң жеңиши атаандаштыкты сый-урмат менен өткөрүп, боордош элдердин ынтымагын дагы бир жолу көрсөтө алганыбыз болду", - деп жазылат билдирүүдө.