"75 кишинин каты": Соттук процесс кайрадан жабык өтмөй болду
Бүгүн, 22-июнда Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна “75 кишинин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда прокурорлор сотту кайрадан жабык өткөрүү өтүнүчүн келтирди. Бул тууралуу "Азаттык" жазды.
Сунушту Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Эмилбек Узакбаев колдоду. Дагы бир айыпталуучу Курсан Асанов каршы чыгып, жараянды ачык өткөрүүнү талап кылды. Ишти карап жаткан судья Азирет Медеров Курсан Асанов сөздү укпай тартипти бузду деген негизде аны сот залынан чыгарды.