1-октябрдан тарта пенсиянын орточо өлчөмү 12898 сомго жетет
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар актуалдуу маселелери каралган аппараттык кеңешме өткөрдү.
Кеңешмеде өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды. Өзгөчө көңүл ушул жылдын 1-октябрынан тарта пенсияларды жогорулатууга даярдык көрүү маселесине бурулду. Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, индексациянын жыйынтыгында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетет, ал эми жогорулоонун орточо өлчөмү 1 753 сомду түзөт. Адылбек Касымалиев пенсияларды белгиленген мөөнөттө төлөп берүү үчүн бардык зарыл иш-чараларды өз убагында аягына чыгарууну тапшырды.