Кыргыз өнөрүнүн белгилүү өкүлдөрү мамлекеттик сыйлыктарга татыды
Кыргызстандын маданият жана искусство тармагындагы белгилүү инсандар — Темирлан Сманбеков, Болот Тентимишов, Самидахан Халматов, Уланмырза Карыпбаев Боромбай Кулахматов, Бегалиев Муратбек, Өмүрканов Анатай, Садыкова Саламатхан, Абдыкадыров Рысбай, Озбекова Женишгул, Акбаров Атантай жана Айтиев Сатар мамлекеттик сыйлыктарга татыды. Алардын чыгармачылыктагы көп жылдык эмгеги, кыргыз театрына, киносуна жана музыкалык искусствосуна кошкон салымы жогору бааланып, мамлекеттик деңгээлде белгиленди.
Темирлан Сманбеков — Бакен Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын биринчи категориядагы артисти.
Болот Тентимишов — белгилүү театр жана кино актёру.
Самидахан Халматов — Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык-драма театрынын драма артисти.
Уланмырза Карыпбаев — театр режиссёру, Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрынын көркөм жетекчиси.
Боромбай Кулахматов — Карамолдо Орозов атындагы мамлекеттик академиялык эл аспаптар оркестринин башкы дирижёру.
Абдыкадыров Рысбайга ( көзү өткөндөн кийин) - ырчы, аткаруучу жана обончу.
Муратбек Бегалиев - А. Малдыбаев атындагы В.И. Ленин ордендүү кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору, композитор.
Анатай Өмүрканов - акын
Саламатхан Садыкова - Токтогул Сатылганов атындагы кыргыз улуттук филармониясынын солисти
Сатар Айтиев - сүрөтчү
Женишгул Озбекова - жазуучу, киносценарист, “ Кыргызстан театр ишмерлер союзу” коомдук бирикмесинин мүчөсү
Атантай Акбаров - акын, “Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу” коомдук бирикмесинин төрөгасынын орун басары