Кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өттү. Жеңүүчү ким болду?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында 2-4-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусундагы Кырчын жайлоосунда кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы болуп өттү. Үч күнгө созулган чыгармачылык таймашта сөздүн курчтугу, ойдун тапкычтыгы, комуз менен домбранын күүсү жана төкмөлүк өнөрдүн бийиктиги бир сахнада айкалышты. Эки элдин төкмө акындары тарыхый байланышты, элдердин достугун, бүгүнкү жетишкендиктерди жана келечек максаттарды ыр саптарына салып, көрүүчүлөргө өзгөчө чыгармачылык маанай тартуулашты.
Айтыштын жеңүүчүлөрү:
Баш байге — 300 000 сом
* Мейирбек Султанхан
* Элмирбек Иманалиев
1-орун — 250 000 сом
* Мухтар Ниязов
* Нурсултан Малдыбаев
2-орун — 200 000 сом
* Хазырет Бердихан
* Кутман Садыбакасов
3-орун — 150 000 сом
* Нурлан Эсенкулов
* Акматбек Султан уулу
Мындан тышкары, айтышка катышкан калган акындар да жигердүү катышкандыгы үчүн акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпы байге фонду 3 миллион сомду түздү.
Аталган эл аралык айтыш Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду тарабынан уюштурулуп, кыргыз-казак маданий байланышын бекемдөөгө жана төкмөлүк өнөрдү өнүктүрүүгө багытталды.