Abank_june
SerepTV Logo

IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылышы аземи өттү

IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын ачылышы аземи өттү
 
7-июнь борбор калаада IV Бишкек эл аралык кинофестивалынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев катышып, фестивалдын конокторун жана катышуучуларын куттукташты. Алар өз сөздөрүндө кино өнөрүнүн маданий байланыштарды чыңдоодогу жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанисине токтолушту.

Салтка айланган «Асман килем» көк килеми аркылуу фестивалдын ардактуу коноктору, белгилүү актёрлор, режиссёрлор, продюсерлер жана эл аралык калыстар тобунун мүчөлөрү өтүштү. Бул жылы фестивалга дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн келген кино ишмерлери катышып, борбор калаа чыныгы кино борборуна айланды.

Фестивалдын ардактуу конокторунун катарында дүйнөгө белгилүү француз актрисасы Одри Тоту жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү актёр Догдурбек Кыдыралиев да болду. Алардын фестивалга катышуусу иш-чаранын эл аралык деңгээлин дагы да бекемдеп, кино сүйүүчүлөрдүн өзгөчө кызыгуусун жаратты.

Фестивалдын алкагында Эл аралык сынак, Борбор Азия сынагы жана улуттук Kyrgyz Box программалары көрсөтүлөт. Ошондой эле көрүүчүлөрдү дүйнөлүк, эл аралык жана улуттук премьералар, белгилүү кино ишмерлери менен жолугушуулар, мастер-класстар жана индустриялык иш-чаралар күтөт. IV Бишкек эл аралык кинофестивалы 12-июнга чейин уланып, кино сүйүүчүлөр үчүн мазмундуу жана кызыктуу программа тартуулайт.